Бишкек шаарынын мэриясы бир эле мезгилде жашоочулары көп аймактарда кошумча каттам линияларын ишке киргизүү жана ишкерлерге шарттарды түзүү, борборго инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаевдын  атынан, калаанын  транспорт маселеси боюнча вице-мэри  Азиз Алымкуловдун жетекчилиги астында инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимди түзүү, жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын жаңы схемаларын ачуу боюнча долбоор иштелип чыкты.

Шаардык  мэрия  кеминде 75 жүргүнчүгө, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (майыптарды) ташууга ылайыкташтырылган 350 газ же электр энергиясы менен жүрүүчү автобус менен инвесторлорду тартууну пландаштырууда.

Бул чечим линияга орточо суткалык жолдо журүүнү  659 автобуска чейин көбөйтөт, жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатат, борбордук көчөлөрдөгү тыгынджарды азайтып, эң негизгиси, эски жана эскилиги жеткен кичи автобустарды жаңы автобустарга алмаштыруу менен автомобиль транспорту аркылуу булгоочу заттардын чыгышынын деңгээлин кескин кыскартууну камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө мэриянын «Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасы шаардыктарды 11 каттам боюнча тейлейт, алардын орточо суткалык чыгымы 135 бирдикке чейин жетет.

Бишкек –сүйүктүү  шаарыбыз!