Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Касатих Валентина Андреевна менен Гайсин Абдулхалик Каюмовичке, башчынын биринчи орун басары Алтынбек Маматов ардагер Асек Урманбетовго, ал эми орун басары Бакыт Караев ардагер Шералы Дүйшөбаевге барышты.

Чынасыл Чыныбаев жана анын орун басарлары аларды Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттукташты. Сүйлөшүп, баарлашып,  маселелер жеринде чечишти. Ардагерлерге азык-түлүк жана материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Ленин районунда 77 ардагер жашайт, алардын ичинен 7 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 4 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 3 Ленинград блокадачысы, 1 концлагерь туткуну, 52 тылдын эмгекчилери.

Октябрь районунун ардагерлерин аким Данияр Арпачиев куттуктады.

Октябрь районунун башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун 7 ардагерине барды. Азык-түлүк жана материалдык жардам тапшырылды.

Маалымдама: Октябрь районунда 91 ардагер жашайт, алардын ичинен 11 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 1 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 75 тылдын эмгекчилери, 2 концлагердин жашы жете элек туткундары.

Ардагерлердин үйлөрүнө баруу иштери уланууда.

Бишкек-сүйүктүү жаңы жылдык шаарыбыз!