Шаар өз ишин улантууда. Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов Түштүк Кореянын «Good Partner» фондунун директору Джонг Чун Соб менен жолугушту.

Алар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардамдашуу маселелерин талкуулашты.

Келишимдердин алкагында  муктаж болгон үй-бүлөлөрдү катуу отун менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планынын бир пункту аткарылды.

Андан кийин ”Учкун” жаңы  конушунун жашоочулары менен жолугушуу болду.

Мурат Осмонов Свердлов районунун жашоочуларын Фонддун башчысы менен тааныштырып,  жеке үйлөрдү газ менен жылытууга өткөрүү жөнүндө маалымат берди. Башчы инфраструктураны өркүндөтүү жана турак жай чөйрөсүн жакшыртуу боюнча биргелешкен келечектүү долбоорлор жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түштүк Кореянын фондунан бөлүнгөн 205 миң сомго “Учкун” турак-жай конушунун  муктаж болгон 60 үй-бүлөгө 13 кап көмүр берилди.

Урматтуу шаардыктар! Арыз жана кайрылууларды күнү –түнү мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун  0554 182185  номерине жибериңиздер.

Свердлов районун жашоочулары! Биз ар дайым байланыштабыз! Райондун социалдык тармактарындагы аккаунттарына жазылыңыздар: https://www.facebook.com/SRABishkek

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!