2020-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарынын мэрясынын жыйындар залында калаанын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов "Бишкек монорельстүү транспорттук тутум" долбоорун сунуштады.

Долбоор шаардык транспорттун сапатын жана туруктуулугун, ошондой эле жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Монорельс - бул темир жол транспорту, асма транспорттун бир түрү, тез жүрүүнү камсыз кылат.

Вице-мэр мындай тутумдун артыкчылыгы анын жүк көтөрүмдүүлүгү, айлана-чөйрөгө ыңгайлуулугу,   көчөлөрдөн түшүрүүлөрү жана коопсуз кыймылы экендигин жана курулушу Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой пландаштырылып жаткандыгын  белгиледи.

Долбоор  боюнча, жалпы узундугу 37 км, станциялар 32, линиялардын саны 2, жүк ташуу сыйымдуулугу 150дөн 180 жүргүнчүгө чейин, бийиктиги 5-7 м.

Баса, долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашыруу пландаштырылууда.

Вице-мэр "Долбоор кымбат жана узак мөөнөттүү экендигин түшүнөбүз, бирок алдыга умтулуп, заманбап келечекке интеграциялануу керек" деп баса белгиледи.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!