Шаар өз ишин улантууда. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте тиешелүү уруксаты жок объектилерди алууну улантууда.

Дем алыш күндөрү дагы атайын топ мыйзамсыз объетилерди алууда. Түшүндүрүү иштеринен кийин Ала-Тоо аянтында 7 оюн объектиси демонтаждалды.

Андан кийин, Свердлов районунда уруксат берилбеген 23 штендер  жана баннер, 6 мыйзамсыз тосмо алынды.

Шаардын Биринчи май жана Ленин районунда 33 жарнак конструкциясы,  Көлбаев көчөсү 8 дарегиндеги мыйзамсыз  унаа токтотуучу жайдын чынжырлары жана түркүктөрүалынып салынды.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Лев Толстой  көчөсүндөгү темир тосмо өз ыктыяры менен түрттүрүлдү.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Ал эми мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүздөр, анда төмөнкү номерге чалыңыздар: 0777147493.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @ uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!