22-декабрда өлкөдө Энергетиктер күнү белгиленет.

Бүгүн "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын актовый залында ишкананын директору Байымбет Байгараев кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Б.Байгараев кесипкөйлүүлүк, жоопкерчилик жана кесибине берилгендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

59 кызматкерге жана адиске татыктуу сыйлыктар тапшырылды, алардын ичинен:

Беш адис Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланды.

Бишкек шаардык кеңешинин күмүш төш белгилерин ишкананын эки кызматкери алып, сегиз адиске ыраазычылык баракчалары жана ардак грамоталары тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын атынан төрт кызматкер Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалар менен сыйланды.

Ишкананын он төрт кызматкери райондук акимиаттардын Ардак грамоталары менен, ошондой эле, жыйырма алты кызматкер “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!