Шаар өз ишин улантууда. Транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер астындагы өтмөктөрдү карап чыкты.

А.Алымкулов Манас проспектиси менен Чүй проспектиси, Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги өтмөктөрдү текшерип чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө вице-мэр өтмөктөрдүн  техникалык абалы, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген  адамдар үчүн көтөргүчтөр жөнүндө маалыматтарды айдын аягына чейин берүүнү,  Курманжан Датка көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн  лифттерин  ишке киргизүүнү аягына чыгарууну тапшырды.

Ошондой эле, Манас проспектиси менен Чүй проспектиси, Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөрдөгү жайларды пайдалануу үчүн ижара акысы жөнүндө маселени карап чыгуу тапшырылды.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!