Жаңы жылдын алдында борбор калаанын сейил бактарында жаңы жылдык балатылар отургузулууда.

Шаардык парктарга отургузуу үчүн 6 метр бийиктиктеги 6 балаты Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Токой институтунун Сары-Булак питомнигинен алынды.

Экөөнү «Артвин» компаниясы сатып алган. Институт Кара-Жыгач токою үчүн бирин тартуулады. Калгандары ээлерин күтүп жатышат.

Жаңы жылдык балатылар “Ынтымак”, “Ынтымак-2”, “Ден соолук”, “Жеңиш” сейил бактарына жана “Жаңгак токоюна” отургузулат.

Белгилей кетсек, балатылар тез өсүүчү дарактар экендигин жана бардык ийне жалбырактуу дарактардай эле фитонциддерди бөлүп чыгарарын, бул абаны дезинфекциялоого жана адам организмине жакшы таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Токой институтунун Сары-Булак питомнигинин кызматкерлерине белектер үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык парктарга бак отургузуу үчүн арыздарды "Шаардык парктар" муниципалдык парктарынын директору Калича Умуралиева жана 0707 777 749 жана биздин агроном Нурлан Батырканов 0701 003 553  калтырсаңыздар болот.

Бишкек - сүйүктүү жашыл шаар!