Урматтуу шаар тургундары! Коомдук тартипти жана шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында эл көп чогулган жерлерде унаа кыймылы чектелет.

2020-жылдын 21-декабрынан 2021-жылдын 8-январына чейин, кечки саат 20:00дөн түнкү 01:00гө чейин Ала-Тоо аянтында Чүй проспектиси боюнча Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жол чектелет.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана унаа менен бара жатканда маршрутту алдын ала тандап алууну суранат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!