Шаар өз ишин улантууда. Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев райондун чарба маселелерин чечүүдө.

Бул жолу Д.Арпачиев №6 МАБдын иши менен таанышып, жергиликтүү аймактык башкармалыктын көйгөйлөрүн талкуулашты.

Андан кийин аким "Көк-Жар" конушунун жашоочулары менен жолугушту. Шаардыктар 2021-жылдын титулуна Көк-Жайык, Арстанбап көчөлөрүнүн курулушун киргизүүнү, ошондой эле Ахунбаев менен Жеңижок көчөлөрүнүн кесилишине жол белгисин орнотууну суранышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында №6 МАБга "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы менен биргеликте райондун архитектуралык көрүнүшүнүн эскизин иштеп чыгуу жана "Тунгуч" кичи районундагы павильондордун бирдиктүү көрүнүшү боюнча комплекстүү чечим чыгаруу тапшырылды.

Райондук кызматтарга санитардык тазалоо жана короо аралык аймактарды көрктөндүрүү боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Акимдин текшерүүлөрү дагы улантылат.

Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаанын мэриясы ар дайым байланышта! Кайрылууларды күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номери аркылуу колл-борборго калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!