Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү санитардык эрежелерди сактоо менен муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинарларды уюштурууда.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын, Шаар куруу жана архитектура департаментинин, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын, Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматчылары үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуучу семинарлар өткөрүлдү.

Семинар кызыктуу болуп, расмий документтерди түзүү стилистикасы талкууланды, ошондой эле катышуучулар мамлекеттик тилде тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Окутуу семинарын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязалиева алып барды.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! КОВИД-19дан коргонуу эрежелерин сактаңыздар! Вирус бар жана ал абдан кооптуу.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!