Урматтуу шаар тургундары! Жаңы жылдын алдында балатыларды сатып алуу үчүн балаты базары ачылды.

Жаңы жылдык балатыларды сатуу 31-декабрга чейин Медеров жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде уланат.

Базарда Тянь-Шань карагайы, тикенектүү көк карагай, кабырчыктуу жана алтын түстүү арча, туя, сибирь жыгачтары жана башка түрлөрү арзан баада сатылууда. Бардык ийне жалбырактуу дарактар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат. Жаңы жылдан кийин сатып алуучулар бактарды ачык жерге отургуза алышат. Сатуучулар көчөттөрдү  кантип туура отургузуу керектигин айтып беришет.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балатыны сатып алып, жаңы жылдан кийин корооңузга отургузууну  каалабасаңыз, анда борбор калаанын сейил бактарына отургузууну сунуштайбыз.

Бак отургузуу үчүн арыздарды  шаардык парктар ишканасынын директору Калича Умуралиева, 0707 777 749 жана биздин агроном Нурлан Батырканов 0701 003 553 кабыл алышат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!