“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы Свердлов районунда модернизациялоо иштерин улантууда.

Биз көп жылдан бери жарыктандыруу орнотулбаган көчөлөргө жана чолок көчөлөрдүн кесилиштерине жарыктандыруу орнотууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз.

Учурда “Ак-Тилек 2” жаңы конушундагы Экинчи көчөдөн Сегизинчи көчөгө чейинки Коллективная  жана Арычная  көчөлөрүндө  жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.

70 светодиоддук чырак, кронштейн, 11 тышкы жарыктандыруу түркүгү орнотулду.

Ошондой эле, Орозбеков көчөсүндөгү ЧЧКнан Шербаков көчөсүнө чейин, Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн чыгыш тарабындагы тышкы жарыктандыруулар оңдолду.

Жарыктандыруу иштери улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде көчөңүздөрдө тышкы жарыктандыруу өчүп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматына билдириңиздер: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой элекайрылууларды WhatsApp колдонмосу аркылуу 0777 902-115, 0702 805-756 – Эркеайым Бегалиевага жиберсеңиздер болот.

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet

Чалыңыздар, жазыңыздар! Биз дайыма байланыштабыз! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!