Урматтуу шаардыктар! Эртең, 17-декабрда саат 11:00дө Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында (Байтик Баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши) жаңы жылдык жарманке ачылат.

Жаңы жылдык жарманке 17; 20; 22; 28-декабрь күндөрү өтөт. Иштөө графиги: саат 11:00дөн 15:00гө чейин.

Баарыңыздарды жарманкеде күтөбүз! Бул жерде Октябрь районунун чакан ишканаларынын жана өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары көрсөтүлөт, ар бириңер Жаңы жылга карата жакын адамдарыңарга адаттан тыш белектерди сатып ала аласыңар.

Ошондой эле, «Семетей», «Кыргыз Руху», «Доор», «Сувенир» чыгармачылык жамааттары концерттик программа тартуулайт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!