Шаар өз ишин улантууда. Ленин райондук администрациясы, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынан турган атайын топ күн сайын Ош базарынын айланасында жана райондо стихиялык соода менен күрөшөт.

Стихиялуу соода чоң ыңгайсыздыктарды жаратып, жарандардын эркин жана коопсуз жүрүүсүнө тоскоолдук кылууда,  ошондой эле өзгөчө кырдаалдын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт, анткени сатуу түздөн-түз жолдун жээгинде жүргүзүлүп, өзгөчө кырдаалда атайын унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат.

2020-жылдын башынан бери Ош базарынын аймагында 355тен ашуун мыйзамсыз стихиялык объектилерди жана курулуштарды (кол чатырлар, чатырлар, столдор, темир жана жыгач конструкциялар, отургучтар, манекендер) алынды, 14 араба Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын унаа токтотуучу жайына жеткирилди.
Ошондой эле, "арабалар" менен кылынган соода –сатыкка каршы күрөшүү максатында, биз "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен биргеликте базардын айланасына, тротуарларга 77 чектөө белгилерин орноттук.

Белгилей кетсек, акимиаттын 4 кызматкери жана МАБдын 6 кызматкери "стихиялуу" соода-сатыкка каршы нөөмөттө турушат.

Бул багыттагы текшерүүлөр улантылууда. 11 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 120-беренеси боюнча 108 миң сомго 36 протокол, ал эми 293-берене боюнча 57 миң сомго 19 протокол түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерди соода эрежелерин сактоого чакырат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!