Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, транспорт саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Биз шаардык коомдук транспорттун, айрыкча жеке кичи автобустардын ишин уюштуруу маселелерин талкууладык.

Ташуучулар шаардык транспорт башкармалыгынын башкаруу сапатына жана өз ара кызматташуусуна, тарифтерге, такси кызматтарына жана маршруттук линиялардын уруксатсыз басып алуучуларына нааразы болушту.

Мэрдин милдетин аткаруучу Б.Түлөбаев борбор калаанын мэриясы мыйзамдын чегинде так иштей тургандыгын белгиледи. Транспорттук кызматтарга ташуучулар менен биригип, нормативдик-укуктук базаны иретке келтирүүнү тапшырды.

Б.Түлөбаев мэрия бизнеске тоскоолдук жаратпай турганын, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында экологиялык таза коомдук транспорттун түрлөрүнө (газ, электр энергиясы) маршруттук линияларды бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Фирманын жетекчилери №283 маршруттук автобустар менен линияны басып алгандыгын билдиришти. Эске салсак, уруксат берилбеген баскынчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп беришет.

Б.Түлөбаев кичи автобустардын ишин тартипке келтирүү боюнча иш-чаралардын календардык планын 10 күндүн ичинде иштеп чыгууну тапшырды.

Андан ары, вице-мэр А.Алымкуловдун төрагалыгы астында ишкерлер менен биргеликте пландын багыттарын аныктадык:
• Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
• МЖӨ;
• Такси кызматтарынын ишин жөнгө салуу (көпчүлүгү уруксат кагазы жок иштешет жана салык төлөбөйт);
• Жол кирени талдоо. Баса, бааларды көтөрүү жөнүндө азырынча сөз жок.
• Жол белгилерин, светофорлорду уюштуруу;
• Башкаруу жана диспетчердик пункттардын иши;
• Унаа токтоочу жайлардагы, маршруттук таксилердин кетүүчү жерлериндеги көйгөйлүү аймактар, атап айтканда, аймак аралык байланыш каттамдары боюнча.

Ташуучу компаниялардын жетекчилерине иш-чаралардын календарына киргизүү боюнча бардык сунуштарды жуманын аягына чейин берүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, вице-мэрдин тапшырмасы менен ар бир айдын башында мэриянын транспорттук блогу көйгөйлөрдү тез арада чечүү үчүн ташуучу компаниялардын жетекчилери менен жолугушат. Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташуучу 41 компания иштеп, күнүнө миңге жакын кичи автобустар каттамга чыгат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!