Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Д.Асанов атындагы парктын маңдайында жайгашкан “Балалык” жаңы сейил багынын курулуш-монтаждоо иштеринде мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалыматтар  социалдык тармактарга чыккан.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын буйругу менен кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү. Кошумчалай кетсек, аталган жайда 13-ноябрдан бери ички аудит жүргүзүлүп жатат. Биз сиздерди кабардар кылып турабыз.

Жаңы «Балалык»  паркын көрктөндүрүү иштери 2019-жылы башталган, долбоор иштерин аткарууга тендер 2019-жылдын апрелинде өткөрүлгөн. Сынакты «Градстройресурс» компаниясы утуп, 885 миң 844 сом суммасында келишим түзүлгөн.

Курулуш-монтаждоо жумуштарына тендер 2019-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн. Жыйынтыгында "Ак ниет курулуш" компаниясы менен 74 миллион 719 миң 596 сом суммасында келишим түзүлгөн.

16-ноябрга карата болжол менен 50,1 миллион сом сарпталып, курулуш 65-70% га аткарылды. Жер иштери жүргүзүлүп, жердин картограммасы бүттү, инженердик тармактар тартылды (электр менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация жана видео көзөмөл), үч фонтанга, насостук станцияга бетон төшөлдү, коомдук дааратканалардын курулушу аяктады.

Азыркы учурда таман таштарды, тротуар жолдорун, жээк таштарды, ирригациялык арыктарды төшөө үчүн жерди түздөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кире бериштеги арканы граниттик мрамор менен каптоо башталды.

Белгилей кетсек, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы  жаңы  «Балалык»  паркынын курулушуна дайыма техникалык көзөмөл жүргүзүп турат. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, аларды тез арада жоюу боюнча чечимдер кабыл алынат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!