Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында төрт райондун акимдеринин биринчи орун басарлары, мэриянын экономика жана инвестиция департаментинин, райондук  салык башкармалыктарынын, Каржы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин, ЭЭА департаментинин, ошондой эле  мэриянын  жер ресурстар жана муниципалдык менчик башкармалыктарынын башчылары катышты.

Үч маселе каралды: 2020-жылдын январь-ноябрь айларына карата Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы; реалдуу салыктык жана салыктык эмес карыздарды кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө отчет; ушул жылдын ноябрь - декабрь айларына карата милдеттер.

2020-жылдын январь-октябрь айларында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 7,6 млрд сом  планында 6,9 млрд сомду түздү, план 91,3% га аткарылып, жетишсиздиги 0,7 млрд сомду түздү.

Салык карызы 2020-жылдын 1-октябрына карата Бишкек шаары боюнча 813,7 млн. сомду түзөт.

Биринчи вице-мэр А.Бакетаев төрт райондун салык кызматынын башчыларына бекитилген көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча иштерди күчөтүү жана салык карыздарын кыскартууну тапшырды.

Райондук администрациялардын башчыларына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Бишкек шаары боюнча МСКБ менен биргеликте биргелешкен иш пландарды бекитүү жана транспорттук салыктын төлөнүшү боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Биргелешкен рейддер үчүн ар бир райондо экиден мобилдик топ түзүлөт.

А.Бакетаев Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, тиешелүү органдарынын жана киреше алып келүүчү кызматтарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын жоопкерчилигин эске салып, ушул жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү жөнүндө эскертти.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!