Шаар өз ишин улантууда.  Ак-Ордо жаңы конушунда Тагай-Бий жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги №96 мектептин жанында "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери көчөттөрдү отургузуп жатышат.

Ийне жалбырактуу дарактардын жана ак кайыңдын көчөттөрү отургузулду. Жалпысынан паркка 300 жалбырактуу жана ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

Буга чейин аталган жашыл аймакта жерди пландоо иштери жүргүзүлүп, таштандылар жана таштар тазаланган.

Бир жыл мурун, ушул аймакты сугат менен камсыздоо үчүн скважинаны бургулоо иштери жүргүзүлүп, андан кийин автоматтык сугаруу системасы орнотулган.

Баса, бул жерге 200дөн ашык чыгыш туя көчөттөрү тосмо катары отургузулган.

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаарыбыз!