Урматтуу шаардыктар, Орто-Сай айылынын тургундары! Иманалиев көчөсүндөгү жол жумуштарынын жүрүшүн текшерүү боюнча өтүнүчүңүздөр келип жатат.

Шаар тургуну  унаа жолунун туурасы 6 метрди түзүп, суу түтүгү тартылгандан кийин көчө 0,5 метрге кыскаргандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, түзүлгөн картограммага ылайык, жолдун мурунку туурасы 4,2 метрден 5,3 метрге чейин болгон. Коопсуз кыймыл үчүн жол 5,5 метрге чейин кеңейтилди, бардык жумуштар курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык жүргүзүлдү.

Баса, көптөгөн тургундар өз ыктыярлары менен кызыл чек арадан чыгып, жолго чектеш тосмолорду жана бакчаларды орнотуп алышкан. Буга байланыштуу тротуар куруу маселеси аймак бошотулгандан кийин каралышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, Иманалиев көч. Рысмендиев көчөсүнөн  Балык Кумар көчөсүнө чейин  түштүк пландаштыруу аймагы долбоордун алкагында суу түтүктөрү тартылгандан кийин асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда суук түшкөнүнө байланыштуу жумуш убактылуу токтотулду.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!