Жал кичи районундагы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда эки жаңы корпустун: клиникалык диагностикалык бөлүмүнүн  жана органдарды трансплантациялоо менен гематология бөлүмүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага дарыгерлер, өлкөнүн вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева, калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева жана Кувейттин “Ас-Сафа Борбору” фондунун өкүлдөрү катышты.

Балдардын онкологиялык эмес гематология бөлүмүнүн үч кабаттуу имаратынын жалпы аянты 1,620 чарчы метрди түзөт. Анда операция, реанимация жана бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен жабыркагандар үчүн гемодиализ бөлүмү жайгашкан.

Жалпы аянты 1.880 чарчы метрди түзгөн клиникалык диагностикалык бөлүмдүн экинчи корпусунда консультативдик-диагностикалык бөлүмү  жана керектүү медициналык жана медициналык эмес шаймандар менен жабдылган лаборатория бар.

Эки корпуста тең лифттер каралган.

Белгилей кетсек, жаңы имараттардын курулушу август айында башталып, курулушка кеткен  чыгымдар, анын ичинде сметалык документтер, медициналык жабдууларды жана медициналык эмес жабдууларды сатып алуу «Ас-Сафа Борбору» Кувейт фонду тарабынан каржыланды.

Эки медициналык корпустун наркы болжол менен 198 миллион 800 миң сомду түздү.

Ошондой эле, бүгүн жалпы аянты 4500 чарчы метрди түзгөн балдардын онкологиялык жаңы корпусунун пайдубалына капсула салдынды.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!, Балдар! Ден-соолукта болуңуздар, оорубаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!