Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга кайрылуусу.

Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо  2021-жылдын 10-январына дайындалып,  Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылдыгы келип чыгууда. УШКнын резервин толуктоо зарылдыгына байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары - Бишкек АШК) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн жана саясий партиялардын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. УШКнын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өзүлөрүнүн макулдугу, ошондой эле шайлоо өнөктүгүнө катышуу тажрыйбасы, коомдук турмушу, кесиптик жана жеке сапаттары эске алынышы керек.

Мыйзамга ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамы  саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органынын  өкүлдөрүнөн түзүлөт.  УШКлар - шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, жарандардын шайлоо укуктарынын аткарылышын жана корголушун камсыз кылган коллегиалдуу орган. УШКнын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу, УШКнын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өзүлөрүнүн макулдугун, алардын ишке даярдыгынын деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышуу тажрыйбасын эске алуу зарыл. Көрсөтүлгөн субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө көрсөтүлүп жаткан  талапкерлер эреже боюнча тиешелүү конуштун аймагында жашашы керектигини эске алышы керек.

Саясий партиялардын регионалдык бөлүмүнүн төрагаларынын  жана катчыларынын колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтер  аймактык шайлоо комиссиясына берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн  документтерге тиркелет:

-Талапкердин УШКда иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо боюнча милдеттенмеси жөнүндө арызы;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган, билим алган жерин көрсөтүү менен биографиясы (кадрлардын жеке баракчасы же резюме);
- байланыш маалыматтары: жашаган дареги, телефон номерлери.

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, УШКнын мүчөлөрү төмөнкүлөр боло алышпайт:

-Жогорку кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештин депутаттары;

-соттор, укук коргоо жана фискалдык органдардын  кызматкерлери, аскер кызматкерлери;

-талапкерлер, саясий партиялардын жана талапкердин өкүлдөрү;

-башка өлкөлөрдүн  жарандыгы бар адамдар;

-мыйзамдуу тартипте соттолгону алынып салынбаган же жоюлбагандар;

- Башка шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;

- Терс негиздер боюнча  шайлоо комиссия мүчөлүгү милдетинен эрте бошотулгандар.

Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларын резервин түзүүнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө” жоболор жөнүндө кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтынан таба аласыз: www.shailoo.gov.kg.

Эскертүү:  "Кыргыз Республикасынын Шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө"  Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык өкүл болушу мүмкүн эмес, б.а. тийиштүү УШКнын курамына кирген саясий партиялар (КР БШКнын расмий сайтында караңыз) ушул УШКнын резервине документтерин тапшырбайт.
Керектүү докуменнтердин үлгүсү: Арыз, Протокол ПП , чогуштун Протоколу.

Жарандардын, коомдук уюмдардын чогулушунда  көрсөтүлгөн  участкалык  шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө протоколдору 2020-жылдын 17-ноябрынын саат18:00го чейин  Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.

Саясий партиялар талапкерди көрсөтүү жөнүндө  протоколдор Бишкек АШК да 2020-жылдын17-ноябрында саат 18:00го чейин кабыл алынат.

Сурап билүү телефону: Бишкек шаардык кеңеши - 0312610432

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы – 0312382426.