Бүгүн кечинде Орто-Сай базарында өрт чыкты. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.

ӨКМдин райондук  бөлүмүнүн маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү тобу, суу ташуучу унаа жана унаа тепкичтери тартылган. Штаб жана Кризистик кырдаалды башкаруу борборунун ыкчам тобу  жеринде иштеп жатышат. Куткаруучулар жана өрт өчүргүчтөр менен биргеликте, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, тез жардам бригадасы жана РЭС тобу тартылган.

Түнкү саат 02:16да өрт локалдаштырылып, саат 8: 55те толугу менен өчүрүлдү.

Болжол менен: өрттүн жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метрди түзгөн. Өрт фактысы боюнча акыркы баа өрт-техникалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча берилет.

Октябрь районунун башчысы Константин Куценко райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Султанов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эркинбек Муканбетов жана Бишкек шаарындагы мамэкотех инспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте базардагы кырдаал боюнча ыкчам штаб өткөрүштү.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекцияга базардын администрациясы жана сатуучулар менен соода комплексинин аймагындагы соода жүгүртүмүн тартипке келтирүү жана өрт коопсуздугу техникаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан өрт чыккан жерди аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлөт.