Шаар өз ишин улантууда. Октябрь районунун жаңы акими Константин Куценко Октябрь районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директорлору менен жолукту.

Биз райондогу эпидемиологиялык кырдаалды талкууладык.

3-ноябрга карата COVID-19 жана пневмония ооруларынын 20 миң 704 учуру катталды, анын ичинен акыркы суткада 88 адам. Оору жуктургандардын ичинен  Октябрь районунда 2,104 учур катталса, анын 12си акыркы суткада катталган.

К.Куценко күндүзгү стационарларды материалдык-техникалык камсыздоо 100% болушу керектигин белгиледи. Учурда  район боюнча 332 орундуу 7 стационар даярдалды. Алар эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе гана ачылат.

Ошондой эле, районго үч мобилдик бригада бекитилген. 25-марттан 3-ноябрга чейин 10 721 чыгуу жасалып, 9 246 ПЦР изилдөө жүргүзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Эскерте кетсек, өзүн-өзү диагноздоо 118 колл-борбору кадимки режимде ишин улантууда. Сураныч, өз алдынча дарыланбаңыздар! Аралыкты сактап, колуңуздарды жууңуздар жана маска кийиңиздер! Вирус бар жана ал абдан кооптуу.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!