Шаарда кышка даярдык көрүү иштери улантылууда.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы кышында жолдорду кар, муздан тазалоо үчүн техникалык туздун запасын толуктап жатат. Ишкананын кампаларында буга чейин 4 миң 340 тонна туз даярдалган, анын 433 тоннасы өткөн кыш мезгилинен калган. Жалпысынан 6 миң 500 тонна туз сатып алуу пландалууда.

Айта кетсек, 26 атайын техника шаардын жолдорунун өтүүчү бөлүгүндөгү карды тазалайт.

Бишкек -  сүйүктүү шаарыбыз!