Шаардык мэрия  өз ишин улантууда. Шаардык кызматтар коомдук жайларды жана жөө жүргүнчүлөр үчүн аймактарды кеңейтүүдө. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ынтымак - экинчи кезек" жаңы сейил багына жашылдандырууга даярданууда.

3-ноябрга карата паркты таштандылардан жана таштардан тазалап,  6,2 гектардан ашык аянтка өсүмдүктөрдүн топурагын алып келип, даярдадык, ошондой эле 900 погондук метр суу түтүктөрүн орноттук.

Бак-дарактарды отургузуу жазга пландаштырылууда.

Паркты сугаруу үчүн Hunter авто-сугаруу тутуму колдонулат. Бул сугат тутумунун негизги өзгөчөлүгү - кыймылдуу тилке, ал аймак сугарууга муктаж болгондо гана колдонулат. Калган убакытта топурактын алдында катылып, көк майсан бөлүгүнүн көрүнүшүн бузбайт.

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери улантылууда.

Бишкек - сүйүктүү жашыл шаарыбыз!