Жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэр Азиз Алымкуловдун  катышуусунда муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды өндүрүү жана аларды шаардын балансына кайтаруу иштери улантылууда.

Урматтуу шаар тургундары, ижарачылар-ишкерлер! Келишимдерде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарууну суранабыз. Биз мыйзам менен жашашыбыз керек.

Тилекке каршы, бир катар компаниялар келишимдин милдеттенмелерин аткарбай жатышат.

Бүгүн, 3-ноябрда муниципалдык менчиктеги турган жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия өткөрүлөт, анда милдеттенмелерди аткарбагандар (ижара акысын төлөбөгөндөр, жер участокторун башка багытта пайдалангандарт ж.б.) менен бир тараптуу  келишимдик мамилелерди бузуу маселеси каралат. Бизде  “сыйлабаган” 223 ижарачы бар алардын карызы 380 миллион сомго жетти. (https://www.meria.kg/ru/post/20756)

Ошондой эле,  көп кабаттуу үйлөрдү курууда ишкерлер шаарга белгиленген бир турак жай аянттын  кайтарып  берүүгө тийиш, аны биз кыйынчылыктарга туш болгон шаардыктарга бөлүштүрүп беребиз. Айтмакчы, 3500 жакын шаардык турак-жай алуу кезегинде турат.

Инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча 35 жер участогу аныкталды, алар  турак жай аянтынын 10% шаарга  өткөрүп бериши керек.

2-ноябрга карата 4 келишим түзүлүп,  нотариалдык күбөлөндүрүлдү, башкача айтканда шаардын муниципалдык менчигине 7 миң 747, 84 м2 турак жай аянты өткөрүлүп берилет.

Бишкек-сүйүктүү укуктук шаар!