Шаар өз ишин улантууда. Пандемия өзгөртүүлөрдү киргизгенине карабастан, район акимдери шаардыктар менен тынымсыз байланышта.

Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов  бардык санитардык эрежелерди сактоо менен, райондун  жашоочуларын жеке кабыл алууну уланта баштады.

Жеке кабыл алууга эки үй-бүлө жазылган, көбүнчө материалдык жардам, турак-жай маселеси боюнча кайрылышкан. Мындан тышкары,  Ак-Бата конушунун тургундары кварталдык комитеттин төрагаларынын биринин ишине нааразы болушту.

Свердлов районунун тургундары керектүү кеңештерин алышып, көйгөйлөрдүн тез арада чечилгенине абдан кубанышты.

Урматтуу шаардыктар! Бирдиктүү терезеге кайрылып, район башчыларынын жеке кабыл алууларына жазылып, үйлөрүңүздүн, көчөлөрүңүздүн жана кварталдарыңыздын көйгөйлөрү боюнча арыздарды калтырсаңыздар болот.

Октябрь району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Байтик-Баатыр көч., 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru

Биринчи май району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Жибек-Жолу көч, 348 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), телефон: 32-51-60, 62-46-35, adm-pervomai@meria.kg

Свердлов району, (0312) 36-01-93, Чүй проспектиси  28, иш күндөрү саат 8: 30дан 17: 30га чейин, 418 кабинет, adm_sverdlov@meria.kg

Ленин району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Чүй пр., 315 (фойенин сол тарабында, Ленин акимиатынын биринчи кабаты), тел: 65-69-05, adm-leninski@meria.kg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!