Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы  шаарды мыйзамсыз объектилерден “тазалоо” иштерин улантууда.

Жөө адамдар үчүн жол жана веложол куруунун алкагында,  Ден-Сяопин проспектиси боюнча Фучик көчөсүнөн Б.Алыкулов көчөсүнө чейинки жолго, долбоорлонгон жерге объектилери жайгашкан ишкерлер менен жолугуштук.

Өз ыктыяры менен темир тосмолор алынып, аянты 2 миң 114 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Үч контейнер, анын ичинде 40 тонналык эки контейнер жана бир 20 тонналык контейнер, ошондой эле бир сактоочу жай жана унаа токтотуучу бастырма алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз.

Ал эми сиз мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүз, бул номерге чалыңыз: 0777147493.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @ uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап кийип, колуңуздарды жууганды унутпаңыздар.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!