Бишкек шаарынын мэриясы борбор калааны санариптик трансформациялоону улантууда. Шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Ленин районунун аймагында видеокөзөмөлдөөчү камераларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Район башчысы Чынасыл Чыныбаев Сухомлинов, Джунусалиев, Джаманбаев көчөлөрү жана Ч.Айтматов проспектиси менен чектелген аянттагы 8 көчөгө орнотула турган дагы 70 заманбап видеокамераларды орнотуу боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты.

Көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна магистралдык кабелдерди тарта баштадык.

Көзөмөлдүн пульту Жунусалиев көчөсү, 40 дарегиндеги №2 шаардык милиция бөлүмүнө орнотулат.

Кайсы жерде көзөмөлдөөчү камералар орнотулгандыгын бул шилтемеден көрсөңүздөр болот: https://www.meria.kg/ru/post/20675

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номуру аркылуу колл-борборуна кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номуруна жибериңиздер.

Ленин районунун тургундары! Сураныч, райондун социалдык тармактарындагы аккаунттарына жазылыңыздар: https://www.facebook.com/Leninadm

Бишкек – сүйүктүү коопсуз  шаарыбыз!