Бүгүн Ленин районунун администрациясынын  жыйындар залында район башчысы Чынасыл Чыныбаев пандемия учурунда колдоо көрсөткөн шаардыктарга ыраазычылык билдирди.

Аким Улуу Британия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жубайы Вероник Гарреттке чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Элчинин үй-үлөсү шаарга COVID-19га каршы күрөшүүдө жардам берип, ысык тамакты үзгүлтүксүз берип турушкан.

Ошондой эле, эл аралык өкүлдөргө, Эльмира Калмакова, Майкл Атсопартис, Арчел Тадена, Мириам Лавас, Phoebe  Encarnacion, Esther Ruth Johnson & Timothy Huw Johnson жана Apager сыяктуу уюмдардын  өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирилди.

Районго  коомдук тамактануу түйүндөрү, “12 каминов”, Ганди Indian Restaurant & Lounge, Desi Dhaba ресторандары, Solomon Sandwiches кафеси колдоо көрсөттү.

«Добра» командасынын ыктыярчыларынын эмгектери белгиленип, ыраазычылык баракчалары тапшырылды:
Сабырбеков Ислам Сабырбекович;
Джаркынбаев Данияр Дөөлөсбекович;
Алмашбекова Элиза Кудайбердиевна;
Мальцев Андрей Григорьевич;
Нязакунова Майя Жекшеновна;
Молдокеева Алина Болотбековна;
Кадыркулова Дания;
Абакирова Айжан Марсбековна;
Бацаценко Владислав Владимирович;
Омуров Эрмек Евгеньевич;
Алмашбекова Элиза Кудайбердиевна.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарына шаар жана өлкө үчүн ушундай оор мезгилде четте калбай, жардам көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Чоң ыракмат! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр, узак жашаңыздар!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!