Жолугушуу "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын имаратында өттү.

"Куруучулар штабы" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү бизге келип, шаардын турак жай конуштарынын көйгөйлүү маселелерин талкууладык.

Жолугушууга "Көлмө", "Ак-Бата", "Ак-Өргөө", "Ак-Тилек", "Ынтымак", "Ак-Босого", "Келечек", "Калыс-Ордо", "Мурас-Ордо", активдүү тургундары,  калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев жана жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэр Азизбек Алымкулов, ошондой эле шаардык кызматтардын башчылары катышты.

Мэрдин милдетин аткаруучусу шаардык кызматтарга жаңы конуштарды өнүктүрүү боюнча коюлган тапшырмалардыкыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!