Бардык түзүмдүк, аймактык бөлүмдөр жана чарба субъектилери штаттык режимде иштеп жатат.

9-октябрдан тартып отун-энергетикалык кызматтар жылуулук бере баштады.

Бүгүнкү күнгө карата 2 миң 700 объектинин 2 миң  481 объектисине жылуулук берилди.

Бирок, тилекке каршы, октябрь айына карата абоненттердин жылуулукка карата карызы 4 миллион 207 миң сомду түзөт. Анын ичинен:

«Жал-29», №22, №22/1, №22/2 үйлөрү – «Маккена» компаниясы - 1 миллион 721 миң сом;

Тыналиев көч., №3/5, №3/6 үйлөрү – «Шерой» компаниясы - 324 миң сом;

Тыналиев көч., №2/21 (А,Б,В,Г) үйлөрү – «Имарат–Прогресс» компаниясы - 244 миң сом;

Термечиков көч., №10/1 үйү  – «Кыргыз-Каганат» компаниясы - 92 миң сом;

Л.Толстой көч., №126 үйү  – «Оргтехстрой» компаниясы- 1 миллион 610 миң сом;

Панфилов көч., №16 үйү  – 215 миң сом.

Урматтуу шаардыктар, компаниялар! Жылуулук үчүн карызыңыздарды төлөөңүздөрдү өтүнөбүз!

Белгилей кетсек, жылуулук үчүн акынын өз убагында төлөө, сиздердин үйүңүздөрдү үзгүлтүксүз жылуулук жана ысык суу менен камсыздоого керек. Биз жабдууларды оңдоп, профилактикалык оңдоо иштерин жүргүзүшүбүз керек.

Эске салсак, "Бишкекжылуулукэнерго" КИ 600дөн ашык турак үйдү, ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 25 башка бюджеттик мекемелерди жана башка 212 керектөөчүлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат. Ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал кичи-району, Газгородок, Аскер шаарчасы жана Министрлер Кеңешинин турак жай массиви, калгандарынын бардыгын "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жылуулук менен камсыз кылат.

Сиздерге керек болушу мүмкүн болгон маалымдама телефон номурлар:

"Бишкекжылуулукэнерго" КИ:

Абоненттик кызмат: 212847;

Эсептөө бөлүмү: 212845;

Жылуулук энергиясын эсепке алуу жана ысык суунун көрсөткүчтөрүн кабыл алуу приборлору боюнча бөлүм: 492535, 212804.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААК:

- (0312) 61-11-69 - кардарларды колдоо борбору;

- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун нөөмөттөгү инженери;

– 51-06-22, 21-74-06 - Түштүк райондун нөөмөттөгү инженери;

- 56-85-58-диспетчердик кызмат.

Бишкек-сүйүктүү жылуу шаарыбыз!