Шаар башчысы Азиз Суракматов бардык түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр жана чарба субъектилери штаттык режимде иштеп жаткандыгын брифингде билдирди.

Шаардык милициянын жеке курамы элдик кошуундар штабы менен биргеликте шаардын коопсуздугун камсыздап, шаарды коргоп, кайтарышат. Азиз Суракматов элдик кошуундарга, ишкерлерге, жана кайрымдуу адамдарга шаардын коопсуздугун камсыздап жаткандарга тамак–аш жана жардамдарды көрсөтүп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирет.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев 2020-жылдын 9 айында шаардын киреше бөлүгү болжол менен 6 миллиард 230 миллион 800 миң сомду түзгөндүгүн жана бул пландын 90,7%ы аткарылгандыгын айтып берди.

Алмаз Бакетаев биринчи кезекте корголгон беренелер жана милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле шаардын аймагында короновирустук инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүү боюнча  чыгашалар жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаев жылытуу мезгили башталгандыгын, бардык объектилерди жылытуу тутумуна кошуу үчүн 3 күн убакыт кетерин билдирди.

Ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба тармагынын бардык кызматтары жана отун-энергетикалык комплекс штаттык режимде иштеп жаткандыгын белгиледи: дайыма шаарды санитардык тазалоо, таштанды чыгаруу иштери, тышкы жарыктандыруу, жолдорду оңдоо (чуңкурларды жамоо, жол белгилерин орнотуу жана түшүрүү) жүргүзүлүп жатат. Учурда ТЖКЧ кызматтары Токтоналиев көчөсү жана Түштүк магистралдын кесилишинде жайгашкан «Ынтымак-2» паркынын курулушун жүргүзүүдө.

Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева 9-октябрга карата короновирустук инфекциянын жана пневмониянын 40 учуру катталгандыгын, пандемия башталгандан бери  18 328 шаар тургуну ооругандыгын билдирди.

Акыркы жумада оору жуктургандардын саны өсүп жатат. Октябрь айынын башында 19 учур КОВИД-19 жана пневмания оорусу болсо, акыркы күндөрү бул көрсөткүч 4 эсеге көбөйүп, бир суткада 77 учур катталды.

Вице-мэр Виктория Мозгачева шаар тургундарын оорунун белгилери катталган учурда дароо үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууларын өтүндү.

Калаада эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, мэрия мурда иши токтотулган стационарларды ачууга даяр.

Вице-мэр Азиз Алымкулов баардыгы 20 миңге жакын шаар тургуну,  элдик кошуундар чогулуп, шаарды коргоп жаткандыгын баса белгиледи.

Ар бир райондун акимдери дагы элдик кошуундардын иштери тууралуу маалымат беришти.