Ленин райондук администрациясынын башчысы Чынасыл Чыныбаев үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери менен жолукту.
Биз калаадагы, райондун аймагындагы эпидемиологиялык абал боюнча, КОВИД-19 менен ооругандарды кабыл ала турган күндүзгү стационарлардын даярдыктарын жана резервдик кадрды сактоону (медицина кызматкерлерин) талкууладык.
Райондун акими райондук кызматтар менен биргеликте күндүзгү стационарларды жабдуулар, дары-дармектер жана керектүү материалдар, коргонуу каражаттары менен камсыз кылат.
22-сентябрга карата райондук үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун бөлмөлөрүндө стационарлар ачылды. Ленин району боюнча медициналык жардамды төмөнкү медицина борборлорунан алууга болот:
- №1 ҮМБ – 5 орун;
- №2 ҮМБ– 5 орун;
- №11 ҮМБ – 2орун;
- №12 ҮМБ – 4 орун;
- №13 ҮМБ – 4 орун;
- №17 ҮМБ – 2 орун.
Сельсовет көчөсү, 6 дарегиндеги №8, 10,11 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында 7 орундуу кичи-стационар ачылды.
Ошондой эле, медициналык амбулаторияларда 28 орундуу стационарлар даярдалды;
- «Ак-Өргө» жаңы конушу, Ашар көчөсү – 14 орун;
- «Ак-Өргө» конушу, Ай көчөсү, 19 – 7 орун;
- “Ак-Ордо” конушу, Гагарин көчөсү, медициналык амбулаториясында – 7 орун.
Эскерте кетсек, Ленин районунун аймагында 4 стационардын иши токтотулган.
КОВИД-19 менен ооругандардын саны өскөн учурда, шаардыктарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн биз бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорун күндүзгү стационар катары колдонууну пландап жатабыз.
Урматтуу шаардыктар! Сураныч, санитардык эрежелерди сактаңыздар! Бет кап кийип, колуңуздарды антисептиктер менен тазалап, аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!