Калаанын жаңы вице-мэри  Алимбек Абдылдаев шаардык кызматтар менен биргеликте «Адинай» жана курулуп жаткан «Ынтымак» парктарындагы көйгөйлөрдү чечти.

Көчмө жыйында жашыл аймакты сугаруу, парктч үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу талкууланды. Вице-мэр кызматтарга паркты, парктын ичиндеги медпункту жана коомдук даараткананы  күнү-түнү жарыктандырууну, ошондой эле маалыматтык стенддерди жана  белгилерди орнотууну тапшырды.

Мындан тышкары, «Ынтымак-2» паркын уюштуруудагы конструктивдүү чечимдер талкууланды. Вице-мэр ар бир бакты сактап калууну тапшырды. «Бактар-бул шаардын жаны» ,-деп белгиледи А.Абдылдаев.

Учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуар жана веложолдорду төшөп, жээк таштарды жана ирригациялык түйүндөрдү орнотууда. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы бак-дарактарды санитардык бутоо иштерин өткөрүүдө.

Парк кандай болорун бул шилтемеден көрсөңүздөр болот: https://bga.kg/proekty/?ELEMENT_ID=974

Коомдук жайлардын масштабдуу курулушу калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!