Калаа башчысы Азиз Суракматовдун шаар тургундары менен жолугушуусунун жыйынтыгында, шаардык кызматтар жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерди кызуу өткөрүүдө.

Биз «Арча-Бешик» жаңы конушунун Эр-Тайлак көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин суу түтүктөрүн курууну баштадык.  Куруу иштери шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Түйүндүн узундугу 510 метрди түзүп, 258 турак үйдү камтыйт.

Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы  бөдрөтчү - «Гигаком» курулуш компаниясын аныктады.

Келишим боюнча курулуш иштеринин наркы 2 миллион 305 миң 377 сомду түздү.

Биз курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягына чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!