Социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев эткомбинаттын мурдагы бала бакчасына көчмө жыйын өткөрүштү.

Имарат каралбай калган, бала бакча көп жылдан бери иштей элек. 2018-жылы гана Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имараты өкмөттүн буйругу менен муниципалитеттин менчигине өткөрүлүп берилген.

Вице-мэрлер имаратты карап чыгышты, эми материалдарын кылдаттык менен изилдеп, объектинин жарамдуулугун текшергенден кийин, имаратты реконструкциялоо же түрттүрүү чечими кабыл алынат.

Билим берүү башкармалыгына жаңы бала бакча боюнча сунуш киргизүүнү тапшырылды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!