Райондук акимиаттардын кызматкерлери башаламан соода  жана аттракциондор менен күрөшүү боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Бул жолу, эс алуу күнүнө карабастан, Ленин акимиатынын кызматкерлери РИИБ, №1 МАБ кызматкерлери менен биргеликте Жаш Гвардия бульварын башаламан соода сатыктан тазалашты.

Бир нече мыйзам бузуулар, анын ичинде мыйзамсыз батуттар орнотулгандыгы  аныкталды.  Батут ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, ээлери тарабынан өз ыктыяры менен алынып салынды. Бир күндүн ичинде үч батут алынды.

Биз бульвардын жээгинде суусундуктарды жана бал муздак саткандар менен сүйлөшүп, тамак-аш, азыктарды жерге коюп сатууга болбой тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерден соода эрежелерин сактоолорун өтүнөт. Урматтуу шаардыктар! Жерге коюлуп сатылган азыктардын сапатына жана коопсуздугуна эч ким кепилдик бербейт. Биз ошондой эле, балдардын коопсуздугу үчүн батуттарды орнотпооңуздарды өтүнөбүз.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!