Шаар күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүнү улантууда, биринчи кезекте даярдыктар мектеп жана бала бакчаларда жүргүзүлөт.

Бүгүн социалдык саясат боюнча калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева №45 мектепке барды.

Бул жылы аталган мектепте инженердик түйүндөрдү алмаштыруу, жылуулук түтүктөрүн орнотуу каралган.

Вице-мэр Виктория Мозгачева иштердеги кемчиликтерди дароо көрсөттү. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгына «Арай» ЖЧКсы бөдрөтчү компаниясына ишти кечиктиргендиги үчүн эскертүү түзүүнү жана бир жуманын ичинде, 11-сентябрга чейин радиаторлорду алып келүүнү тапшырды.

Балдар колдорун муздак сууга жууп калбашы үчүн суу жылыткыч сатып алууга арыз берүү райондук билим берүү борборуна тапшырылды.

Сметага ылайык, жумуштун наркы 1,9 миллион сомду түзөт, бирок иштин наркын ашыра көрсөтүп жаткандыгы байкалгандыгы үчүн, смета кайрадан каралат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!