Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев шаардык спорт мектептердин ардагер-машыктыруучулары менен жолукту.

Шаардык спортту мындан ары өнүктүрүү  концепциясын иштеп чыгуу жана спорт мектептерин спорт жабдыктары менен жабдуу маселелерин талкууладык.

Муниципалдык бокс мектептери жеке менчик мектептер менен атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу ыкмалары, жаш кызматкерлердин иштен  кетүүсү, эмгек акыны  көбөйтүү, машыктыруучулар менен спорт чеберлерин даярдоо базасынын жетишпегендиги тууралуу маселелер каралды.

Ошондой эле, спорт ардагерлери спорттун категорияларынын классификациясын эл аралык стандарттарга жооп берүү үчүн тез арада өзгөртүү зарылдыгын белгилешти.

"Спартак" спорт залын оңдоо маселеси күн тартибине коюлуп, долбоорго каржы издөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек,  Бишкек шаарында 12 спорт мектеби бар. Анда 96 инструктор жана 300дөн ашык машыктыруучу эмгектенишүүдө.

Бишкек - сүйүктүү спорттук шаарыбыз!