Урматтуу шаардыктар! Бизде жакшы жаңылык бар. Биз Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы гүл бакчанын реконструкциялоону жыйынтыктадык.

Курулуш жана архитектура боюнча калаанын вице-мэри Уланбек Азыгалиев гүл бакчанын курулушунун сапатын текшерди.

Эскерте кетсек, бул жерге түстүү таман таштарды орнотуу, ирригациялык түйүндү жаңыртуу, сугат арыктарын төшөө жана тышкы жарыктандырууну модернизациялоо иштери жүргүзүлүп,  чырактар, жаңы отургучтар жана таштанды үчүн урналар орнотулду.

Куруучулар мурдагы граниттик жээк таштарды кылдаттык менен алып, аларды жаңы негизде орнотушту. Ал аянттын жаңыланган көрүнүшүнө шайкеш келди.

Гүл бакчанын жаңылоо ишин “Береке Стрим” бөдрөтчү компаниясы аткарды.

У.Азыгалиев кемчиликтерди таап, куруучуларга кемчиликтерди жоюуну жана айрым жерлерге таман таштарды орнотууну тапшырды.

Белгилей кетсек, гүл бакчаларды реконструкциялоо калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп, шаардык бюджеттен каржыланып жатат. Долбоордун наркы – 7 миллион сомду түзөт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!