Урматтуу шаардыктар! Калаада катуу шамал башталды. Сураныч, үйдө болуңуздар! Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды унааларын бактардын жана жеңилдетилген типтеги объектилердин алдына токтотпоого чакырат.

Эгерде сиздер кулаган бак-дарактарды көрсөңүздөр, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасына  0770 830006 номери аркылуу билдирип коюңуздарды өтүнөбүз.

Сак болуңуздар! Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр!

Кырсык болгон учурда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 ыкчам чараларды көрүү кызматына кайрылып, сүрөт, видеофактыларды 0554 -182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!