Шаардык мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Турак жай-коммуналдык чарба боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Абдылдаев Алимбек Анарбекович дайындалды, ал буга чейин «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору болуп эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азизь Суракматов кол койду.

Алимбек Анарбекович мэриянын командасында 10 жыл эмгектенген. Ал «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын башкы инженери, андан кийин ушул мекемени жетектеди. Акыркы жылдары «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеди. Белгилей кетсек, 2019-жылдын июль айынан 2020-жылдын сентябрь айына чейин 18 миңден ашык чырактарды орнотуп, эми калаада 50 миңден ашык чырак жарык берүүдө.

Алимбек Анарбековичти кызматка дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!