Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов райондук кызматтар менен кезектеги пландык жыйынын өткөрдү.

Жыйында районду көрктөндүрүү, мыйзамсыз курулуштар, жеңилдетилген типтеги объектилерге инвентаризация жүргүзүү маселелери каралды.

Биринчи май районунун аймагында муниципалдык мүлктөгү объектилерди инвентаризациялоо боюнча атайын комиссия 2 миң 760 гектар аянтты текшеришти. Аталган аянтта 4 миң 292 объект жайгашкан, анын ичинен 1 миң 67 жер пайдалануу жана курулуш эрежелери бузулган.

Аким өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, ошондой эле балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча иштерге өзгөчө көңүл бурду.

Жыл башынан бери рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында түнкү интернет клубдарда жана компьютердик имараттарда 26 өспүрүм, коомдук тамактануу жайларында, СТО жана базарларда 27 бала иштеп жаткандыгы аныкталды.

Бардык өспүрүмдөр жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үй-бүлөлөргө адистер, психиологдор жана социалдык кызматкерлер жардам берип жатышат.

Кыйын турмуштук кырдаалдагы балдар жана үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 39 үй-бүлөлөр менен жеке иштешүү планы жана 53 балдарды коргоо боюнча план түзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер зомбулукка дуушар болгон же кайыр сураган  балдарды   көрсөңүздөр дароо 102 милицияга, биздин райондор боюнча балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо бөлүмдөрүнө чалыңыздар:

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгуль Солтонбаева;

Ленин району: 883899,0502021404 Нуриза Сталбекова;

Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;

Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин түз байланышы:111.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!