Шаар өз ишин улантууда. Шаардык мэрия шаардын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн үстүндө. Шаар тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн «Орто-Сай» айылында канализация жана суу түтүктөрүн куруу иштери башталды.

Азыркы учурда Иманалиев көчөсүндө Рысмендиев көчөсүнөн Балык Кумар көчөсүнө чейин суу түтүктөрүн орнотуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Аталган объектиде «Инженерная защита» бөдрөтчү компаниясы иштеп жатат.

Курулуш иштеринин жүрүшүн курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин көзөмөлдөп турат. Пландык текшерүүдө вице-мэр курулуш иштерин уюштурууда  кетирилген кемчиликтерге токтолду.

У.Азыгалиев куруучуларга курулуш иштеринде технологиялык процессти сактоону жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Келишим боюнча курулуш иштери 2020-жылдын октябрь айынын аягына чейин бүткөрүлүшү керек.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр менен мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!