Мэриянын көчмө жыйындары абдан эффективдүү. Себеби көйгөйлөр жеринен чечилип, шаар тургундары дагы шаарды көрктөндүрүүгө катышат. Октябрь районунун акими Азамат Дороев мындай жыйындарды күн сайын өткөрөт.

Район башчысы райондук коммуналдык кызматтардын кызматкерлери менен биргеликте №7 кичи районунун аймагын кыдырып, көчмө жыйын өткөрдү.

Азамат Дороев шаар тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Биз №27 жана №28 үйдүн ортосуна ирригация орнотууну талкууладык. Арыктарды орнотуу кийинки жылдын планына киргизилди. Ошондой эле, бул жердеги куураган бак-дарактарды бутоо «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына тапшырылды.

Аким короолордун ортолорундагы жана короолордун ичиндеги аймакты тазалоо, ирээтке келтирүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр менен мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер. Октябрь районунун тургундары 0555 737574 номери аркылуу акимге түз байланышка чыга алышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!