«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун жаңы конуштарында тышкы жарыктандыруунун жаңы түйүндөрүн куруу боюнча иштерди улантууда.

Биз «Жеңиш» жаңы конушунун Пригородный №3-№7, Молдокунов көчөлөрүндө тышкы жарыктандырууну өткөрүп жатабыз. Аталган көчөлөргө 118 түстүү чырак, кронштейн орнотулуп, 4 миң 130 метр электр чубалгылары тартылды.

Эми «Калыс-Ордо» жаңы конушу жарыктандырылды. Конуштун №4, №5, №7, №8, №11, №13, №14, №106, №109, №112 жана №115 көчөлөрүнө  чырактар үчүн 198 кронштейн орнотулуп, 7 миң 45 метр аба чубалгылары өткөрүлдү.  

Азыркы учурда жаңы конуштарды жарыктандыруу кызуу жүрүп жатат:

«Ак Босого» конушунун Чүй  № 28, № 34, № 52 көчөлөрүндө, Безымянный көчөсү, № 81 мектептин жанында;

«Аска-Таш»  конушунун Жайылма, Кемин, Кронштад, Мессарош,  Набережный, Садовая, Фучик  көчөлөрүндө;

«Мурас-Ордо»конушунун  №5, №10, №11 көчөлөрүндө;

«Салам-Алик» конушунун  Жергетал, Кызыл-Алма, Көк-Сай, Күнгөй көчөлөрүндө.

«Щербаков»  конушунун Умай эне, Улукман көчөлөрүндө.

Бул конуштарга 430 түстүү диоддук чырак орнотулуп, 17 миң 143 метр аба чубалгылары тартылды. Тышкы жарыктандыруу үчүн жабдууларды орнотуу жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери Касым», «Көлмө», «Тынчтык», «Алтын-Бешик» жаңы конуштарында дагы өткөрүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө тышкы жарыктандыруу өчүрүлсө, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматына чалсаңыздар болот: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115, жаркыраган Эркеайым сиздердин арыздарды кабыл алат.

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!