Шаардык мэрия санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Шаардык транспорт башкармалыгынын, троллейбус башкармалыгынын жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын кызматкерлери мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, патрулдук милициянын жана КРнын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу транспорттук инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте күн сайын коомдук транспорттордун санитардык абалына текшерүү жүргүзүшөт.

Чектөөлөр киргизилгенден баштап, 1-июндан 24-августка чейин санитардык текшерүүдөн 3 миң 461 транспорттук каражат өттү. Анын ичинен 264 санитардык нормаларды бузган. Жалпы айып пулдун суммасы 433 миң 500 сомго жетти.

Эскерте кетсек, шаардык транспорт (автобус, троллейбус жана маршрут) эми дем алыш, майрам күндөрү дагы иштейт. Иштөө режими саат 7:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн 23:00гө чейин. Саат 11:00дөн 14:00гө чейин санитардык тыныгуу.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, үйдө болуңуздар! Бет кап кийип, антисептик колдонуңуздар! Коомдук транспортто накталай акча колдонуудан алыс болуп, «Тулпар» картасы аркылуу төлөңүздөр. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жооп берүүгө дайым даярбыз.

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршуттар): 0550143637;

Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!