Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын "Газпром Кыргызстан" мектебинде билим алуусу үчүн тандоо жана кабыл алууну бекитүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өттү.

2019-жылдын 26-августундагы "Газпром Кыргызстан" мектебине ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алуу тартиби жөнүндө» жобосуна жана Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы макулдашууга ылайык,  жыл сайын мүмкүнчүлүгу чектелген балдардын санынын 20%ы квотанын негизинде акысыз билим алышат.

1-11-класстарда билим алуу үчүн 55 баланын документтери каралды. Анда: кант диабети, ДЦП (жеңил түрү), тубаса жүрөгүндө кемтиги барлар, тубаса жүрөгү оорулуулар, нефробластома менен жабыркагандар, бронхалык астма жана башка оору менен ооруган балдар. Тандоонун жыйынтыгы кийинки жумада белгилүү болот.
Балдардын тизмелери ата-энелердин арызы боюнча райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан түзүлдү. Тандоону мэриянын билим берүү жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистеринин курамындагы ведомстволор аралык комиссия жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, акысыз окууга квота ДМЧ балдар үчүн өз алдынча кыймылдоого, өзүнө кам көрүүгө, мугалимдер жана классташтары менен өз алдынча баарлашууга мүмкүнчүлүгү барлар ала алат.

Бүгүнкү күндө "Газпром" мектебинин жеңилдетилген негизинде 106 өзгөчө бала окуйт.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!